БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Германия канцлери Ангела Меркель момун мусулмандарга жардам көрсөтүү зарылдыгы туурасында Атамбаев менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйыны учурунда айтты.
Анын айтымында, жолугушууда радикалдашкан ислам туурасында талкуу болду. Канцлер имамдарды окутуу керектигин,андай программа Германияда иштерин билдирди.
"Тынч жашаган мусулмандарга колдоо көрсөтүлүшү керек", — деди Меркель.
Анын айтымында, жолугушууда өлкөдөгү улуттук азчылыктар жана аймактык айырмачылыктар туурасында да кеп козголду.