Дем алыш күндөрү Ысык-Көлдө күн себелейт

Жазылуу
Ишемби жана жекшемби күндөрү Ысык-Көлдө күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Дем алыш күндөрү Ысык-Көлдө күн себелей турганын Кыргызгидромет билдирди. 

Ысык-Көл жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көл, ысык кум, акча: Ысык-Көлдө эс алуу канча турат
Ишемби күнү 9-июлда түнкүсүн күн ачык болуп, күндүз Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

10-июлда дагы ушундай эле аба ырайы сакталат. 9-10-июлда күндүз аба ырайы 26 градуска чейин ысып, суунун температурасы 18 градус жылуу болот. 

Ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарынан сырткары башка аймактарда күндүз аба 30 градустан жогору ысыйт.

Кыргызстандын кайсыл жерине барып, кантип эс алыш керектигин Sputnik агенттигинин материалынан окуп, көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0