БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Москвада кызды зордуктоого шектелген жаран жабырлануучуну узатып, кучактап туруп үйүнө киргизип жиберген. Бул тууралуу РИА Новости Москвадагы Тергөө башкармалыгынын жетекчисинин жардамчысы Юлий Ивановго шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Буга чейин укук коргоо органдары Шоссе көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн жанынан кызды зордуктап, кайра аны үйгө жеткирип койгон кылмышкерге кылмыш иши козголгонун билдирген.
"Шектүүнүн тек-жайы аныкталып полиция кызматкерлери тарабынан кармалды", — деп билдирген Иванов.
Тергөөчүлөр шектүүнү кылмыш кылгандыгы боюнча айыптап, жакынкы аралыкта соттон эркинен ажыратууну сураганы жатат. Учурда тергөө иштери уланууда.