БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү Өзбекстандан кайтарып алынган пансионаттардын атылышы өзгөргөнүн аталган райондун акиминин орун басары Данир Иманалиев билдирди.
Анын айтымында, аталган эс алуу жайлары "Витязь" мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөн. Мындан улам ээси пансионаттардын аталышын өзгөртүүнү чечкен.
Маалыматка ылайык, Кара-Ой айылында жайгашкан "Рохат НБУ" пансионаты "Алтын жай" болуп өзгөрсө, "Дилором" "Эне-Сай" болуп калды. Ал эми Бостери айылындагы "Алтын кум" деп аталган эс алуу жайы эми "Бостери" деп айтылмакчы.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионат Кыргызстандын менчигине өткөн.
Мындай чечим 1992-жылы кабыл алынган макулдашуунун негизинде кабыл алынган. Ага ылайык, СССР кулаганга чейин колдонулуп келген объектилер кайсы мамлекеттин аймагында болсо, ошол өлкөнүн карамагына өтөт.