БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Совет-Сай айылында сел жүрүп, ал 28 жаштагы экинчи топтогу майып кишини агызып кеткенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, суу жергиликтүү тургунду Өзбекстандын Касан-Сай районунун Абадан айылын көздөй агызып кеткен. КР жараны өзбек чек арачылары тарабынан саат 22:00 чамасында табылып, тийиштүү медициналык экспертизадан кийин кыргыз тарапка өткөрүп берилет.