БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Жекшемби күнү эки жашар бөбөк Оштун каналына чөгүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ведомство кайгылуу окуя "Черемушка" кичи районунда болгондугун билдирди.
3-июлда Момунов көчөсүндөгү каналга эки жашар бала агып кеткенден кийин ӨКМ кызматкерлери издөө иштерин баштаган. Баланын сөөгүн туугандары эки сааттан кийин таап чыккан.