БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Ысык-Көлгө барчу жолдогу Боом капчыгайын катуу жаандан улам суу каптаганын ага күбө болгондор билдирди.
Жолду каптаган суу автоунаалардын жүрүшүн кыйындатты.
Эске салсак, былтыр да Боом капчыгайында тоодон шагыл-таш кулап, жолду тороп калган болчу. Анын кесепетинен автоунаалар бир канча сааттай автотыгында турган.