БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарындагы "Ататүрк" аэропортунда жардыруу жасаган үч жанкечтинин даана сүрөтү жарыяланганын Habertürk басылмасы билдирди.
3 cani aynı karede! Habertürk Haber Merkezi ulaştı https://t.co/LWS8du1XMm @haberturk aracılığıyla
— Mehmet İnmez (@minmez60) 30 июня 2016 г.
Белгилей кетсек, 28-июнда Стамбулдагы "Ататүрк" аэропортунда үч жардыруу болуп, куралдуу кол салуудан акыркы маалыматтар боюнча 41 киши каза болуп, 239 киши түрдүү жаракаттарды алган.
Маалыматка ылайык, алар жардыруу уюштурганга чейин 32 күн мурун Стамбулдун Фатих районунан ижарага үй алышкан. Аэропортко кире бериште көзөмөл камерасына тартылып алынган видеодо экөөнүн жонунда, бирөөнүн колунда баштык бар экенин байкалган.
Бир жанкечти Россиянын жараны Чечен республикасынын тургуну О.В. экени аныкталды. Террорчулар "Ислам мамлекети" террордук уюмунун борбору саналган Ракка шаарынан Түркияга келгени айтылууда.