БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышып жатканы үчүн Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык билдиргенин президенттин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Атамбаев Өзбекстанга болгон расмий сапарынын алкагында президент Каримов менен жолукту.
Мамлекет башчылары кыргыз-өзбек кызматташтыгынын эки тараптуу актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле эки өлкөнүн экономикалык жактан кызматташтыгын арттыруу жана саясый диалогду жандандыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Андан сырткары, Атамбаев менен Каримов күн тартибиндеги эл аралык маселелер боюнча да пикир алышканын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, учурда Ташкент шаарында ШКУнун 15-мааракелик саммити өтүп жатат.