БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Кадамжайдагы селден алты жашар баланы сактап калган тургундар — Эркинбек Ташбаев менен Руслан Айтиевди сыйлыкка көрсөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу фракциянын катчылыгы билдирди.
Эл өкүлү куткаруучулардын эрдигин баалоо керектигин айтты.
"Эркинбек Ташбаев менен Руслан Айтиев өз өмүрүн тобоколге салып, наристени сактап калышты. Эрдиги жана тайманбастыгы үчүн аларды мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү керек", — деди Өмүркулов.
Ал ошондой эле өкмөт жана президент тарабынан селдин кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.