БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кадамжайда селден улам 15 унаа жабыркаган, ал эми жүргүнчүлөрү каза болгон машина сел өтүүчү сайга кулап түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кырсык кечээ, 27-май күнү түштөн кийин болгон. Алдын ала маалымат боюнча Ош —Айдаркен унаа жолунун 125-132-чакырымында тоо жылгаларынын 15 жеринен сел түшүп, бир чакырым аралыкта кум-шагылдарга толуп, жол каттамы убактылуу токтоп калган.
Сайга түшүп кеткен автоунаанын ичинде эки эркек, үч аял каза болуп, бир жаш бала куткарылган.
"Жийделик айылында Заводская көчөсүндө Ак-Суу дарыясынан унаалар өтүүчү көпүрөдөн суу ашып баштаган. Арал участкасында "Байман" көпүрөсүнүн түркүктөрүнүн астын сел жеп кеткен. Кырсыкка кабылган башка унаалар жолдон чыгарылды", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда кырсык болгон жерде ӨКМ башчысы Кубатбек Боронов, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге көзөмөл кылып жүрүшөт.
Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан материалдык чыгымдарды эсептөө иштери жүргүзүлүүдө.