БИШКЕК, 27- май — Sputnik. Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Марат Кенжисариев кенже лейтенант Айдарбек Бузурманбек уулуна кол саатын чечип берди. Бул туурасында Башкы штабдын маалымат кызматы кабарлады.
Генерал-майор Кенжисариев ар кандай, ал тургай кычыктуу суроолорго да так жана мааңыздуу кылып жооп берген офицерге кол саатын чечип берген.
Тылдан камсыз кылуу боюнча суроолорду мамлекеттик комитеттин башчысы Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы аскер бөлүгүн текшерип жүргөндө берген.