Сынакта Бишкек шаарынан 18 жаштагы студент Перизат Рыскулбек кызы жеңүүчү аталды. Ал эми 21 жаштагы Екатерина Заболотнова биринчи вице болсо, 19 жаштагы Бегим Алмасбекова экинчи вице сулуу деп тандалды.
Уюштуруучулардын айтымында, сынактын жеңүүчүсү "Дүйнө сулуусу — 2016" конкурсунда Кыргызстандын намысын коргойт.

Сулууларга көрк кошкон кыргыз көйнөгү

Көрүүчүлөр мыктыларды колдоп турушту

Сынак Бишкектеги түнкү клубдардын биринде өттү

Конкурсту "Кыргызстан сулуусу — 2015" сынагынын жеңүүчүсү Таттыбүбү Самидин кызы уюштурган

Кыздар бир гана сулуулугун эмес, өнөрүн да көрсөтүштү

Сынактын катышуучусу кавказ бийин бийлөөдө

Ал эми кийинки катышуучу кыргыздын элдик ырын аткарууда

Бүйүр кызыткан "Латина" бийи

Сынактын жүрүшүндө сулуулар кече көйнөктөрүн көрсөтүштү

Толкунданткан жагдай — жеңүүчүлөрдү атоо учуру

Эң ажарлуу кыз үчүн делген таажы

Сынактын эң сулуусу деп 18 жаштагы Перизат Рыскулбек кызы аталды