БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Сүлүктү шаарында жамгырдын кесепетинен жер көчкү 1,5 метрге чейин жылып, анын кесепетинен бир сарай кулады. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
"Жер көчкүнүн узундугу 80 метр, туурасы 15, бийиктиги 5 метр болгон. ӨКМдин Баткен облусунун башкармалыгынан ыкчам тобу кырсык кооптуулугу турган Макаевская көчөсүндө жашаган 11 турак үйдүн жашоочуларына эскертмелерди берип, туугандарыныкына убактылуу көчүрүлдү", — деп маалымдады министрликтен.
Учурда Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери тарабынан иликтөө жүргүзүлүүдө.