Жаш акындар өлкөнү кыдырып ырдайт

Жазылуу
Иш-чара руханий байлыкты жогорулатуу, ата-бабадан калган мурастарды жана руханий баалуулуктарды жандантуу максатында уюштурулууда.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Тарых жана маданият жылына карата өлкө аймагы боюнча төкмө акындардын турнеси башталат. Бул тууралуу "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Китепкканадагы ауди архив. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте акын жана жазуучу Мукай Элебаев эскерилди
Фонд тарабынан уюштурулуп жаткан турне "Улуттук маданият, билим берүү жана руханият" долбоорунун алкагында өткөрүлүп, 23-май күнү борбор калаада башталат. 

Иш-чара улуттук маданиятты сактоо, руханий байлыкты жогорулатуу, ата-бабадан калган асыл мурастарды жана руханий баалуулуктарды жандантуу максатында уюштурулуп жатканы маалыматта белгиленген.

Турне алгач Бишкекте 23-май күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда башталып, 25-май күнү Нарында өтсө, 26-28-май аралыгында Жалал-Абадда уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0