БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Жыл башынан бери табигый кырсыктан республика 49 миллион 440 миң 300 сомдук зыян тарткан. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыктан аман сакталып калган тургундардын саны 160ка жеткен
2016-жылдын башынан тарта 58 ар кыл чукул кырдаал түзүлсө, анын 45и жаратылыш кырсыктарынан улам жаралган.
Жаздын келиши менен өлкө аймагында жамгыр арбын жаап, дарыялар нугунан чыгып жана жер көчкүлөр активдеше баштады.
ӨКМдин маалыматында жыл башынан бери жазга жуук 35 ирет сел жүрүп, тогуз ирет жер көчүп жана бир иреткатуу шамал болгон.