БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Май айынын алгачкы он күнүндө көпчүлүк аймактарда жаан-чачын айлык ченемден көп жааса, кийинки он күн да жамгырлуу болууда.
Sputnik Кыргызстан редакциясы май айындагы жаан ата мекендик экономика үчүн жакшылык алып келеби же, тескеринче, ага бөгөт болобу, аныктап көрүүнү чечти.
Ички дүң өндүрүм жаан алдында өсөт
Эксперт Кубат Рахимов жаан-чачындын оң да, терс да жактары бар деп эсептейт. Жол инфраструктурасы, суу жээктериндеги имараттар жана көпүрөлөр жабыркайт.
"Айыл чарбасы үчүн бул жакшы: кошумча сугатка чыгым болушпайт, малдын тоютуна чөп кенен болуп, ага жараша, малчылардын ити чөп жейт. Экинчиден, дача ээлерине жакшы, алар үчүн да бул кошумча сугат. Дагы бир жагы — бул энергетика: суу сактагычтарда суунун көлөмү өсөт", — дейт эксперт.
"Ички дүң өндүрүм бир пайызга өсөрү анык деп ойлойм. Экономика түшүп кетсе, 1 пайыз запас болот", — дейт экономист.
Бирок башка эксперттер менен адистер буга көп ишене бербейт, көпчүлүк божомолдоолор менен маалыматтар сырттагы күндөн да бүркөө.
Токтогул суу сактагычына майдын канча жамгыры төктү?
"Электр станциялар" ААКнын башкы директору Таалайбек Толубаевдин тынчын алган маселелер таптакыр башка. Аны күндүн бүркөктүгү түпөйүл кылып турат.
"Жаан-чачын Токтогул суу сактагычынын толушуна анча таасир этпейт. Биз үчүн башкысы жаан эмес, суунун агып келиши жана кардын эриши. Азыр Кыргызгидрометтин божомолдору анча жакшы эмес — суу орточо агымдын 94 пайызын түзөт, бул 12,5 миллиард чарчы метрге чамалайт", — деп билдирди компаниянын башчысы.
Бирөөнө салкын болсо, бирөөнө ным
Айыл чарба министрлигинин жайыттар департаментинин директору Уланбек Төрөгелдиев жаан-чачындын аркасы менен жайыттарда чөп калың жана суулуу болуп жатканын белгиледи.
"Бизде жайлоонун жакынкы, ортоңку жана алыскы үч түрү бар. Өткөн жылы болжол менен ушул күндөрү малды алыскы жайлоолорго чыгарып калганбыз, быйыл болсо ортоңкулардын да оту түгөнө элек. Малды майдын аяк ченинде алыскы жайыттарга айдайбыз", — дейт Төрөгелдиев.
Бирок, экинчи жагынан, жаан-чачындын терс кесепеттери байкала баштады, мисалы, чөптүн биринчи чабыгын жүргүзүүгө үлгүрбөй калгандар бар. Жаан басылбаса, көп жылдык чөп чирий баштайт.
"Кыскасы, азырынча жыйынтык чыгарыш эрте. Айыл чарбасында ал жылдын аягында чыгат", — дейт департамент башчысы.
Кыргызгидрометтин агрометеорология бөлүмүнүн башчысы Шарипа Өмүрзакова жаан-чачындын зыяндарын андан ары атады.
Кыргызгидрометтин өкүлүнүн айтымында, эреже катары, сугат суусунан кыйналбаган аймактарда жаан көп болуп, кургак жерлер дагы эле суунун жетишсиздигинен жабыркайт. Азыр келтирилген зыяндын кесепеттери жаңы гана эсептеле баштады.
Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев нөшөрлөп жааган жамгырдын оң да, терс да жактары бар экенин, мисалы, ал суу ташкындарына алып келиши ыктымалдыгын белгилейт.
"Бирок аба ырайынын арыдан бери болгону жакшы", — дейт атка минер.