БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстан боюнча жаандуу аба ырайы дагы эки күн сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-майдан тарта күн ачылып, нөшөрлөгөн жаандар токтойт.
"Биздин божомол боюнча 19-майдан кийин аба ырайы өзгөрүп, күн ачылат. Жаандуу аба ырайы дагы эки күн сакталат", — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, май айынын башы абдан жаандуу болуп, айрым аймактарда бир айлык нормадан ашып кеткен. Нөшөрлөгөн жаандан улам, жер көчүп, сел жүрүп бир катар чыгымдарды алып келүүдө.