Бир жыл… Табылды Эгембердиевдин сүрөттө калган элестери
Бир жыл… Табылды Эгембердиевдин сүрөттө калган элестери
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы белгилүү ишкер, публицист, улуттук суусундуктарды чыгаруучу "Шоро" компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиев 2015-жылы 16-майда 64 жашында... 16.05.2016, Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы белгилүү ишкер, публицист, улуттук суусундуктарды чыгаруучу "Шоро" компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиев 2015-жылы 16-майда 64 жашында каза болгон.
Ишкер жана коомдук ишмер Табылды Эгембердиев узакка созулган оорудан улам дүйнө салган.
Эгембердиев "Жашоого шашылам, анткени аткарсам деген пландар көп. Эл жасай элек, ойго келбегендерди жасасам дейм" деген ураан менен жашап өткөн инсан катары эсте калды.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Табылды Эгембердиевдин өмүр жолун чагылдырган сүрөттөр түрмөгүн жана жашоодо пайдаланып, кулакка күмүш сырга кыла турган сөздөрүн даярдады.
"Биздин өлкө куттуу өлкө, бизде дүйнөнүн эч жеринен табылбас нерселер көп. Бирок, тилекке каршы, биз аларды дайыма эле кадырына жетип, пайдалана албайбыз".
"Биз, кыргыздар тойго, юбилейлерге, шаан-шөөкөттөргө көп убакыт коротобуз. Мага бул такыр жакпайт. Мен үчүн бул кыйын. Адам майрамдаш үчүн эмес, иш-аракет кылыш үчүн жаралган деп ойлойм".
"Бир тууганым — чыгармачыл киши, тили аябай курч. Чыгармачыл адамдардын баары элегей болушат эмеспи, ал көп ойлонот, мен азыркыга чейин анын артынан баарын — костюмун, портфелин жыйнап жүрөм" (Жумадыл Эгембердиев бир тууганы жөнүндө).
"Мага күчтүү таасир берген адам – ал менин атам болгон. Ал киши азыр биз айтып жүргүдөй акылдуу сөздөрдү деле айтчу эмес, болгону көп иштечү жана мени бардык жакка өзү менен кошо алып жүрчү. Мен атамдан улам, киши кандай көп иштээрин көрдүм".