БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Нарын, Ысык-Көл жана Ош облустарындагы алты айылда жергиликтүү кеңешке болгон шайлоо аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шайлоочулардын 41,86 пайызы келип, каттоого алынган 31 205 кишинин 13 061 кишиси добуш берген.
Ушуну менен жергиликтүү кеңешти шайлоодо автоматташтырылган урна менен шайлоочулардын биометрикалык маалыматтары экинчи жолу колдонулуп жатат.
Белгилей кетсек, шайлоо Нарын облусунун Жумгал районундагы Чоң-Дөбө айылдык кеңешине (11 мандаты), Ош облусунун Араван районундагы Нурабад (21 мандат) жана Тепе-Коргон (31 мандат) айылдарында, Өзгөн районундагы Алтын-Булак (11 мандат) жана Мырзаке (21 мандат) айылдарында болууда. Мындан сырткары Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айылында (11 мандат) да жергиликтүү кеңешке өттү.
Жалпысынан алганда Нарын облусу боюнча жергиликтүү кеңешке — 24 талапкер, Ош облусу боюнча — 184 жана Ысык-Көл боюнча 29 талапкер көрсөтүлгөн.