БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Каракол шаарынын мэри болуп Данияр Арпачиев шайланды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Каракол шаардык шайлоо комиссиясынан билдирди.
Калаа башчылыгына эки талапкер көрсөтүлгөн. КСДП менен "Табылга" партиясынан Данияр Арпачиев болсо, экинчи талапкер болуп "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан Кубанычбек Абдуллаев катталган.
"Шайлоого бардык 31 депутат катышты. Алардын жетөөсү Абдуллаевке, калган 24тү Арпачиевке добуш беришти", — деп шайлоо комиссиясы маалымдад.
Арпачиев буга чейин Ак-Суу районунун акиминин орун басары болуп иштеп келген.