БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районундагы Асыл-Баш айылында нөшөрлөгөн жаан этегинде көрүстөн жайгашкан тоодон жер көчкү жүрүү коркунучун жаратты. Бул тууралуу WhatsApp аркылуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Асыл-Баштын айыл өкмөтү тоолордун биринде азыраак жер көчүп, жаракаларды пайда кылганын ырастады.
"Бул нөшөрлөп куйган жаандан улам болду. Чараларды көрүп, тийиштүү мекемелерге кайрылабыз", — дешти айыл администрациясынан.
Синоптиктердин божомолу боюнча жаан бул аптада да токтобойт. Өткөн жумада да жаан-чачындуу аба ырайы сакталган.
Эскерте кетсек, апрелдин соңунда Жалал-Абаддын Сузак районунда жер көчүп, андан бир өспүрүм өмүрү менен кош айтышкан.
Эгер сиз кандайдыр бир окуянын күбөсү болсоңуз, аны сүрөткө же камерага тартып алсаңыз, медиафайлдарды +996 706 566 544 WhatsApp номерине жөнөтсөңүз болот.