БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Улуу Жеңиштин 71 жылдыгы майрамдалгандан кийин Бишкектин "Жеңиш" аянтынан 30 кубометр таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Майрамдык иш-чаралар аяктагандан кийин "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 25 жумушчусу менен беш атайын техника тартылган.
Белгилей кетсек, 9-майда Бишкек шаарында Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына арналган бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Алардын катарында "Өчпөс полк" жөө жүрүшү да бар.