Уюштуруучулар "Өлбөс полк" акциясына 20 миңден ашуун адам катышып, анын узундугу 500 метрге созулду.
Катуу жааган жаанга карабай, өспүрүмдөрдөн баштап улгайгандарга чейин согуш ардагерлеринин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты.
Жөө жүрүш Дайыр Асанов атындагы түштүк паркынан башталып, Абдрахманов көчөсү аркылуу (Байтик Баатыр прсопекти) Фрунзе көчөсүндөгү Жеңиш аянтына чейин уланды.
Жүрүш Жеңиш аянтындагы митинг-реквием менен соңуна чыкты.
"Өлбөс полк" — 9-майга карата жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык ири акция. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучулардын элесине арналып, жүрүштө согушта курман болгондордун жакындары алардын сүрөттөрүн кармап өтөт.

Таңдын атышы менен жөө жүрүшкө катышууну каалаган шаар тургундары түштүк эс алуу багына чогула баштады

Челектеп төккөн жаан, жаркын маанайды түшүрө алган жок

Колоннанын узундугу — 500 метр. Майтарылгыз муун

Жүрүштү сулуу кыздар көркүнө чыгарышты

Ура – аа... Жеңиш майрам кут болсун!

Жүрүшкө небереден чоң аталарга чейин чыгышты

Эч качан унутулбай турган баатырлардын сүрөттөрү

Жөө жүрүштү оркестр коштоп турду

Катыша албагандар балкондон көз салышты

"Өлбөс полк" жүрүшү Жеңиш аянтынан аяктады

Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры

Аянтка келгендер өчпөс отко гүл коюшту