БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасы "Өлбөс полк" акциясына катыша турганын Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айдана Макилова билдирди.
Анын айтымында, мекендештер 9-майда Санкт-Петербургдун ардагерлери жана тургундары менен Нева проспектиси жана башкы аянттан басып өтүшөт.
Жекшемби күнү элчиликтин Санкт-Петербургдагы канцеляриясынын жана ардактуу консулдугунун кызматкерлери Пискарев мемориалдык көрүстөнүндөгү эстеликке күл коюу аземине катышты.