БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Сузак районундагы Курманбек айыл аймагынын 33 жаштагы тургуну мас абалында эки кичинекей баласын терезеден ыргытып, аны тынчтантууга келген милиционерге бензоараа менен кол салган. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, үйдүн Исламбек аттуу ээси күнүгө арак ичип, үй-бүлөсүнө кол көтөрүп, жанындагы коңшу-колоңуна тынчтык бербей келген. Туугандары тарабынан чакырылган милиция кызматкерин байкагандан кийин үйдү ичинен илип алып, эки баласын терезеден ыргытып жиберген.
Үй ээси учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сот эми ага карата баш коргоо чарасын тандашы керек. Ал эми милиция кызматкери ооруканага кайрылууга аргасыз болгон. Бул боюнча сот-медициналык экспертизалар дайындалып, кылмыш иши козголду.
Анын алкагында ушу тапта тергөө амалдары жүрүп жатат.