Быйылкы жылдын эсебинен мөлтүрөгөн гиластын даамын татып көрдүңүзбү? Бир эсе кычкыл, ошол эле убакта таңдай такылдаткан таттуу даамды сагынып эле калгандырсыз. Учурда анын бир килограммы 180 сомдон сатылып жатат.
Мөмөнүн түсү канчалык күңүрт болсо, ал ошончолук органикалык кислота менен кантка бай келет.
Бир гектарга тигилген гиластан аарылар 35 килограмм бал чогулта алышат.
Ал эми базарда жаңы пияздын баасы кымбаттап кетти. Башка азык-түлүктүн баасын инфографикадан таанышсаңыз болот.