БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Дүйнөлүк кинематографка кошкон салымы үчүн "Ак Илбирс" РСФСРдин эмгек сиңирген артисти, СССР мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Вольпи кубогунун ээси Наталья Аринбасаровага ыйгарылат. Бул тууралуу иш-чаранын менеджери Чолпон Идрисова билдирди.
"Биринчи мугалимде" — Алтынай, "Жамийлада — Жамийланын ролун ойноп, мындан тышкары көптөгөн образдарды жараткан Аринбасарова Бишкекке 12-май күнү келет.
Эскерте кетсек, сыйлык тапшыруу аземи 13-май күнү "Манас" кинотеатрында өтөт.
Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган киносыйлыктын расмий өнөктөшү болуп саналат.