Кыргызгидромет: 9-майда жамгыр жаап, кар түшүшү мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековКол чатыр көтөргөн согуш ардагерлери. Архив
Кол чатыр көтөргөн согуш ардагерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктер республиканын бардык жети дубанында абанын температурасы өзгөрүлүп турарын билдирди.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Майрам күнү, 9-майда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн деп билдирди Кыргызгидромет.

"Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорундо жаан-чачын катуу жаашы, бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт", — деп билдирди аталган кызмат.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Кыргызгидромет республиканын бардык жети дубанында абанын температурасы өзгөрүлүп турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0