00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
7 мин
Тема дня
Риск на работе: где заканчивается обязанность работника и начинается ответственность работодателя
10:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ичеги-карын оорулары жана рагы: себептери, белгилери, алдын алуу жана дарылоо
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Государство выбрало пряник вместо палки - замглавы ГНС о налоговых льготах для блогеров, общепита и IT
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Эндоскопиянын жаңы доору: Кыргызстанда аз инвазивдүү хирургия кантип өнүгүп жатат?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Баңгизаттар көзөмөлдөбү? Кыргызстан жаңы коркунучка кантип каршы күрөшүүдө
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аялдар үчүн саякат эмне үчүн маанилүү: жаңы таасирлер жана ички өсүү
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Сүрөтчү-декоратор Молдожан Токтогуловдун тагдыры жана чыгармачылыгы
19:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Баңгизаттар көзөмөлдөбү? Кыргызстан жаңы коркунучка кантип каршы күрөшүүдө
21:08
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекте 140 өлкөнүн балдары катышкан "Тил жана маданият" фестивалы өтүп жатат

© пресс-служба образовательного учреждения "Себат""Тил жана маданият" фестивалынын катышуучулары.
Тил жана маданият фестивалынын катышуучулары. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
6-майда Кожомкул атындагы Спорт сарайында Гала-концерт өтүп, анда "Кыргыз айылы" мини-экспозициясы фестивалдын катышуучуларына жана келгендерге кыргыз элинин турмуш-тиричилиги, салттары тууралуу уникалдуу материалдарды сунуштайт.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Кыргызстанда 8-майга чейин Тарых жана маданият жылынын алкагында балдардын XIV эл аралык "Тил жана маданият" фестивалы өтүп, ага 140 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда. Бул туурасында "Себат" билим берүү мекемесинен билдиришти. 

Фестивалдын максаты — дүйнө жүзүндөгү элдердин ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелеринин бекемделишине өбөлгө түзүү. Балдардын эл аралык "Тил жана маданият" фестивалы түрдүү мамлекеттердин, түрдүү маданияттардын балдарын бириктирген көпүрө болуу ниетинде. Чет элден келген балдар да Кыргызстандын бай маданияты, кооз кыргыз тили менен таанышып, өз мамлекеттерине фестиваль тууралуу жылуу маанай жана унутулгус көз ирмемдерди ала кетишет. 

"Кыргызстандагы "Тил жана маданият" фестивалына Азербайжан, Филиппин, Түштүк Африка, Индия, Казакстан, Бангладеш, Монголия, Молдова, Украина, Россия, Афганистан, Мозамбиктен бирден катышуучу жана бирден коштоочу киши келди. Фестивалдын өзгөчөлүгү – ар бир катышуучу өз эне тилиндеги чыгарманы улуттук кийими менен тартуулоосу", — деп билдирди уюштуруучулар. 

Кичинекей коноктор Кыргызстанга келип түшкөндөн кийин президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Сапар Исаков, Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамдирекциясынын башчысы Султан Раев, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов кабыл алды. Алар балдарга Кыргызстандын тарыхы жана маданияты тууралуу айтып беришти, балдардын суроолоруна жооп берип, аларга фестивалда ийгиликтерди каалашты

Студенттер аралык медиа-фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталды
Катышуучулар Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө Кыргызстандын кинематографисттер Союзунун төрагасы Садык Шер-Нияз менен жолукту. Ал балдарга кыргыз кино дүйнөсү, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк маданият менен искусстводогу ролу тууралуу айтып берди.

6-майда Кожомкул атындагы Спорт сарайында гала-концерт өтөт. Фестивалдын катышуучу мамлекеттери тууралуу стенддер коюлат. Спорт сарайдын аянтында жайгашкан "Кыргыз айылы" мини-экспозициясы фестивалдын катышуучуларына жана келген меймандарга кыргыз элинин турмуш-тиричилиги жана каада-салттары тууралуу уникалдуу материалдарды сунуштайт. 

7-8- майда фестивалдын катышуучулары Буранага барып, андан ары Ысык-Көлгө жөнөп кетишет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0