БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Кайгуул милициясы жоголуп кеткен үч жаштагы наристени таап бергенин Чүй облустук ИИББ билдирди.
Милицияга арыз менен Төмөнкү Ала-Арча айылынын 53 жаштагы тургуну 1-май күнү кайрылган. Ал кичинекей кызы 30-апрель күнү кечки саат 9.00дө үйдөн чыгып, ошол боюнча табылбай калганын айткан.
Кайгуул милициясы наристени дароо таап берген. Кичинекей кыз энесине берилди.