БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Бишкек шаарында Надырбек Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театры тарабынан уюштурулган театр жумалыгы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Ага ылайык, иш-чара аталган театрдын 25 жылдык мааракесине арналды. Ош облусунун актёрлору өз өнөрлөрүн борбор калаадагы Муса Жангазиев атындагы куурчак театрында көрсөтүштү.
Мында кичинекей көрөрмандарга Надырбек Шамурзаевдин "Ак-Буура", Васильеванын "Коёндун үйү" жана Жалил Садыковдун "Эр Төштүк" пьесалары тартууланды.