БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Бишкектин Дэн Сяопин, Барпы Алыкулов, Абакан жана Киров көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында эки күнгө газ берүү токтотула турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, табигый газ аталган аймактарда 23-25-апрель күндөрү болбойт.
Ишкана мындай аракеттер газ куурундагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу экенин белгилейт.