БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Милициянын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшкөн башкармалыгы тинтүү-издөө иштерин жүргүзүп, Бишкекте жашаган балыкчылык кишини баңги зат менен кармады. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынанан билдиришти.
"Кармалган киши өлкөдөгү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМде катталган.Үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, милиция 9 грамм нашаа тапкан", — дешти ИИМден.
Маалымат кызматы учурда кармалган жарандын башка оор кылмыштарга тиешеси бар-жоктугу текшерилип жаткандыгын кабарлады.