БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында шаардык ички иштер бөлүмүнүн маңдайынан кишини машина коюп кетип, ал каза болду. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы билдирди.
Күбөлөрдүн айтымында, жол кырсыгы нөшөрлөп жааган жаандан улам болгон. Окуя болгон жердеги патрулдук милиция аларга билдирүү саат 20.30да келип түшкөнүн айтышты.
Укук коргоо органдарынын алдын ала маалыматтар боюнча, жол кырсыгына Lexus LX 470 менен Mercedes Benzүлгүсүндөгү машиналар катышкан. Патрулдук милициядан билдиришкендей, айдоочулар аба ырайынан улам жөө адамды көрбөй калышы мүмкүн. Жөө адамды алгач биринчи машина коюп, андан кийин экинчиси келип сүзүп кеткен. Машиналардын кимиси биринчи коюп кеткени тактала элек. Кырсык болгон жерде тийиштүү органдын кишилери иштеп жатат.