Тайлак баатырдын 220 жылдыгы Баетов айылындагы ат майданда өтөт

Жазылуу
Тарых жана маданият жылында өтүүчү чо­ң иш-чаралардын бири — Тайлак баатырдын 220 жылдыгы.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Тайлак баатырдын 220 жылдыгы Баетов айылындагы "Бермет-Жал" ат майданында өтөт. Бул туурасында Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Тарых жана маданият жылында өтүүчү чо­ң иш-чаралардын бири — Тайлак баатырдын 220 жылдыгы. Аталган мааракеге даярдыктар менен таанышуу, аны өткөрүүнүн иш-пландарын талкуулоо максатында дирекциянын жетекчиси Султан Раев баштаган жумушчу топ Ак-Талаа районунда барып келди.

"Баатырдын урпактары жана аталган райондун администрация жетекчилиги менен биргеликте Тайлак баатырдын 220 жылдыгын Ак-Талаа аймагындагы "Бермет-Жал" ат майданында өткөрүү сунушу талкууланып, жактырылды" — деп билдирди дирекциянын маалымат кызматы.

Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча дирекциянын төрагасы Султан Раев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Раев: Тарых жана маданият жылында белгиленген иш-чаралар өз маалында өтүп жатат
"Бермет-Жал" Ак-талаа районунун Кара-Ой, Чекенди-Талаа, Баетов айылдарынын аймагында жайгашкан.

Мамлекеттик деңгээлдеги бул иш-чаранын алкагында баатырдын күмбөзүн реконструкциялоо, "Бермет-Жал" ат майданын айланасын көрктөндүрүү, ат майданга чейинки жолдорун ондоо, коомдук ажатканаларды салуу иштери 2016-жылдын 1-июлуна чейин бүткөрүлүшү зарыл.

Буга чейин коомчулукта Тайлак баатырдын 220 жылдыгын Соң-Көл жайлоосунда өткөрүлөт деген пикирлер айтылып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0