БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кафеде отурган эки мас абалындагы жаран чуу салып, келген милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, погондорун жулуп алган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде саат 22:00дө Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына Чолпон-Ата жана Көлбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафеде 40-45 жаштагы эки адам мас абалында чуу салып, идиш-аяктарды талкалагандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Милиция кызматкерлери барган учурда аларга баш бербей, кол кайрып погондорун жулуп, каршылык көрсөтүшкөн.
Бул окуя боюнча аталган жарандар кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү.