Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабахта кырдаал курчуп жатканын жар салды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүНагорный Карабах
Нагорный Карабах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Армения менен Азербайжан бири-бирин баскынчылык кылып, курал-жарак пайдаланды деп айыптоодо.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Армения менен Азербайжан Карабах аймагында абалдын курчуп жатканын жар салышты: Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын Куралдуу күчтөрү аткылай баштаганын айтса, армениялык тарап  Азербайжан баскынчылык аракетин кылып жатат билдирди.

"Армениянын Куралдуу күчтөрү ок атууну токтотуу режимин бузуп, өткөн сутка ичинде 127 жолу курал пайдаланды", — деп билдирди Азербайжандын Коргоо министрлиги.

Чек ара зымы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек ара чыры ийне-жибине чейин же эмне үчүн өзбектердин БТРлери Ала-Букада турат
Анда армян аскерлери миномет менен ири калибрлүү пулеметторду колдонгону айтылат. 

Өз кезегинде Армения ишембиге караган түнү Азербайжан тараптан танк, артиллерия жана авиациялык күчтөрдү пайдалануу менен баскынчылык аракеттер болгонун жар салды. 

Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабахтын айынан 1988-жылдан бери чатакташып келет. Анда армян эли басымдуулук кылган Карабах автономиялуу облусу Азербайжандын курамынан чыкканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0