БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Ош шаарында бейтапты ооруканага жаткырып, дарылоо үчүн 12 миң сом пара алып жаткан дарыгер кармалганын ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Кара-Суу районунун тургуну кайрылып, облустук оорукананын дарыгери акча талап кылып жатканы тууралуу айткан.
Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 225-беренесинин (Кызматкердин мыйзамсыз сый акы алуусу) кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин натыйжасында аталган дарыгер талап кылган сумманын теңин алып жатканда колго түштү.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.