БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кечки саат сегизде жергиликтүү кеңешке болгон шайлоо аяктаганын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Бүгүн Кыргызстанда алты шаарда (Ош, Каракол, Балыкчи, Токмок, Кемин, Майлуу-Суу) жана 22 айыл аймагында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Анда жалпысынан 271 миңден ашык кыргызстандыктын добуш берүүгө укугу бар болчу.
"Саат 20.00дө добуш берүү аяктады. Саат сегизге чейин шайлоо участогуна кирип, бирок добуш берүүгө жетишпей калган кишилер жарандык милдетин аткарышты", — деп БШКдан билдиришти.
Белгилей кетсек, жети пайыздык босогун өткөн партиялар гана жергиликтүү кеңештердин депутаттык мандатын алат.