Бул ашууда Кусейин Көлбаев атындагы туннель орун алган, ал 1962-жылы курулган. Анын узундугу 2,2 чакырымды түзөт.
Төө-Ашуу боюнча бир нече уламыштар айтылып келет. Алардын бири Кожомкул тууралуу. Ал атын жонуна көтөрүп, дал ушул ашуудан өткөн деп айтылат.
Ашуудан ашуу эки сааттан ашык убакытты алат. Ал эми кышында жыйырмага жакын бурулуштардан улам убакыт бир нече саатка узарат.

1/13
© Фото / Александр Федоров
Ашууга кеткен жол Сосновка айылынан башталат

2/13
© Фото / Александр Федоров
Жыйырма чакырымдан кийин тоолор башталат

3/13
© Александр Федоров
Бурулуштардын көптүгүнөн жүк ташуучу автоунаалар жай жүрөт

4/13
© Александр Федоров
Ашуу деңиз деңгээлинен 3400 метр бийиктикте жайгашкан

Бул аймактан жылдын төрт мезгилин тең көрүүгө болорун айрым саякатчылар баса белгилешет

Туман баскан аба ырайы бат эле чайыттай ачылган жайга алмашышы кадимки көрүнүш

7/13
© Фото / Александр Федоров
Жайдын чилдесине карабай ашуудан кар жаап жатканын көрүшүңүз мүмкүн

8/13
© Фото / Александр Федоров
Бул ашуу аркылуу малчылар малдарын жайлоого айдап өтүшөт

Аталган жол Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүн байланыштарган жалгыз жол

10/13
© Фото / Александр Федоров
Ашууга 1962-жылы туннель курулуп, ага Кусейин Көлбаевдин аты берилген

11/13
© Фото / Александр Федоров
Төө-Ашуунун түштүк капталында 3000 метр бийиктикте тоо лыжа базасы жайгашкан

12/13
© Александр Федоров
Бишкек – Ош жолун оңдоо иштери 2000-жылы башталып...

13/13
© Александр Федоров
… 2004-жылы бүткөрүлгөн