БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Келишимдик негизде билим берген окуу жайлардын контракт көлөмүн аныктоосуна мамлекеттик кийлигишүүнү чектөө зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мындай чара мамлекеттин билим берүү тармагында атаандаштыктын жогорулашын шарттап, анын өнүгүүсүнө түрткү болот.
"Окуу жайлардын тарифин белгилөөдө мамлекеттин кийлигишүүсүн чектөө зарыл", — деди өкмөт башчы.
Тиешелүү токтом өкмөттүн жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык, Монополияга каршы органдын жогорку жана орто-кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын тарифин жөнгө салуу милдети жоюлду.