"Кумтөр" кенинин ишин токтотуу маселеси каралып жатат

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКумтөр кени. Архив
Кумтөр кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кенди иштетүүгө уруксат 31-мартка чейин гана берилгендиктен үч миңге чукул киши жумушсуз калуу коркунучу алдында турат.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Centerra Gold Inc. Компаниясы менен "Кумтөр Голд Компани" (КГК) жабык акционердик коомунун жетекчилиги кенди 1-апрелден тарта консервациялоо маселесин карап жатат. Бул тууралуу профком төрагасынын орун басары Калыбек Рыспаев билдирди.

Сариев: өкмөт Centerra Gold Inc компаниясын сотко берүүгө даярданып жатат
Анын айтымында, мындай чечимди инвестор "Кумтөр" кенинде жүргүзүлүүчү казуу иштери мамлекеттик органдар менен макулдашылбаган учурда кабыл алышы мүмкүн.

Рыспаев аталган кенди иштетүүгө өкмөт 31-мартка чейин гана уруксат бергенин белгиледи.

Ал эми "Кумтөрдүн" профкомунун төрагасы Авазбек Кожокматовкенде үч миңден ашуун адам эмгектенерин, алардын 70 пайызы ипотекалык жана керектөөчү насыя төлөй турганын маалымдады.

"Кумтөрдүн" иши токтоп калса ишкананын дээрлик бардык жумушчулары ишсиз калат. Ар бир кызматкердин артында 6-7 кишиден турган үй-бүлөсү бар, алардын эртеңкиси кендин иши менен байланышкан", — дейт Кожокматов.

Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Центерранын" директорлор кеңешине Кыргызстан тараптан үч талапкер сунушталууда
Кыргызстандын тоо-металлургиялык профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев кендин мындан аркы ишин камсыздоо үчүн Суу кодексине мөңгү алдындагы аймакта иштөөгө уруксат берүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү керек экенин белгилейт.

Азырынча Жогорку кеңеш долбоорду реструктуризациялоо боюнча чечим кабыл ала элек. 

Тажибаевдин айтымында, мындай кырдаал Кыргызстандын инвестициялык абалына тескери таасирин тийгизип, ишсиз калуу кооптуулугу эмгек жамааттын ичинде чыңалууну жаратарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0