БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Өзбек чек арачылар Ала-Бука — Кербен унаа жолунан өткөн кыргызстандык жарандардан чет элдик паспорт талап кылган жок. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Чек ара кызматы бүгүнкү күнгө карата Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасынын Чаласарт аймагындагы абал туруктуу экени белгилейт. Учурда чек арачылар күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөсүн улантууда.
"Аталган аймакта аскер техникасынын ишке кириши катталган жок. Чек арачылардын саны өзгөрүүсүз турат. Ала-Бука — Кербен унаа жолунан өтүүдө эч кандай тоскоолдук байкалбайт. Өзбек чек арачылар жолдон өткөн кыргызстандык жарандардан чет элдик паспорт талап кылган жок", — деп айтылат билдирүүдө.
Мамлекеттик чек арадагы кырдаал толугу менен Мамлекеттик чек ара кызматынын көзөмөлүндө турат.