Өкмөт башчы өз сөзүндө бир да сантиметр жер башкаларга берилбей турганын, бул президенттин, өкмөттүн так, ачык позициясы экенин айтты.
"Эч нерседен кайра тартпайбыз, бардыгына чыдайбыз. Биздин колубузда документтер бар, ошонун негизине гана сүйшүлөрдү жүргүзөбүз", — деди ал.
Сариев ошондой эле, такталган, аныкталган документтер менен гана сүйлөшүүлөр болорун баса белгиледи.