Москвалык аялды сактап калган Маратка жазылган ода, миллиондогон ыраазычылык

© предоставлено Маратом ИсаевымМарат Исаев. Архив
Марат Исаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвада жылына метродон рельске кулап 150гө чукул адам каза табарын эске салсак, Исаев бул статистиканы бир кишиге азайтты.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Беш күн мурда Москвада метродо жыгылган аялды полиция кызматкери менен биргеликте сактап калган 28 жаштагы Марат Исаев туурасында кыргыз коомчулугунан сырткары чет мамлекеттерде кызуу сөз жүрүүдө.

Маалыматка ылайык, 11-февралда Исаев рельске кулап калган москвалык Юлия Валь аттуу аялды перронго алып чыгууга аракет кылып жаткан полиция кызматкерине жардам берген. "Красносельская" станциясында турган аялдын талмасы кармап жыгылган. Дене-боюн калтырак баскан аялды көтөрүп тургузууга мүмкүн болбой, ылдамдык менен келе жаткан поезд баарынын жашоосуна коркунуч жараткан. 

Бул туурасында алгач россиялык, андан соң кыргызстандык маалымат каражаттары байма-бай жазып чыгышты.

Социалдык тармактарда алкыш сөздөр айтылып, Мараттын каармандыгына суктангандардын саны бир нече миңге жетти.

Ал тургай Маратка ыр арнаган посттор жаралды. Асемгүл Чотонова аттуу Facebook колдонуучусу 

Толтурдуң бөскө, кемтикти,
Уулу бар сендей эл күчтүү деп жазды.

Жүрөгү менен таш жараар, Жүгүндү сага аскалар. Кыргыздын жүзү, сыймыгы, Кыргыздын уулу мактанаар. Жоон билек баатыр, эр…

Опубликовано Asemgul Chotonova 15 февраля 2016 г.

Ал эми кыргызстандык ишкер Эмил Үмөталиев Facebook социалдык тармагындагы баракчасына анын кылган эрдиги үчүн өзүнүн жана компаниясынын атынан Москвадан Кыргызстанга жана Кыргызстандан Москвага авиабилет тартууларын билдирди. 

Урматтуу Марат (Исаев), Сиздин Москва шаарынын метросунда көрсөткөн эрдигиңиз бизге терең таасир калтырды. Мекениңизде…

Опубликовано Emil Umetaliev 15 февраля 2016 г.

Метро. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада аялды өлүмдөн алып калган кыргыз жигиттин үй-бүлөсү Ошто турат
Исаев иштеген Москвадагы компаниянын менеджери Анастасия Дубровина жетекчилик кызматкерине сыйлыгын ыйгара турганын белгиледи.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев "мекендешибиз жигиттик мүнөзгө таандык эрдик көрсөттү" деп баалап, кол саат менен сыйлады

Ал эми Москва мэри Сергей Собянин Исаев менен полиция кызматкери Королюкка ыраазычылык билдире тургандыгын twitter-аккаунтуна жазды.

Марат менен кошо аялды сактап калган москвалык полиция кызматкери Артем Королюк кыргызстандык жигитсиз жалгыз колумдан эч нерсе келбейт эле деп айтты.

"Менин артымдан кошо секирген ал жигитке абдан ыраазычылык билдирем. Себеби, ал болбосо поезд мени да, жыгылган аялды да тепселеп кетмек", — деп айтып берген Королюк россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирине берген маегинде.

Эгерде Москва шаарында жылына метродон темир жолго кулап 150 чукул адам каза табарын эске салсак, кыргыз жигити Исаев бул кайгылуу статистиканы бир кишиге азайтууга салымын кошту.

Жаңылыктар түрмөгү
0