Бүгүн 14-февраль сүйүү майрамы. Бул күндү утурлай коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев Sputnik Кыргызстан малымат агенттигине жубайына болгон сезим сырлары жана сүйүүсү менен бөлүштү.
— Жубайыңыз менен кантип таанышып калдыңыздар?
— Ал киши студент эле, мен болсо 1964-жылы Москвадан окуумду жаңы бүтүп келип, тажрыйба топтоо үчүн педагогикалык институтта мугалим болуп иштеп жүрдүм. Анан ошол кезде таанышып, 1965-жылы үйлөнгөнбүз.
— Сиздердин убакта ашыктык сезимин кантип билдиришчү эле?
— Алгачкы жолу жубайыңызга сүйүүңүздү билдиргениңиз эсиңиздеби?
— Бир жолу ал кишиге "мени менен үч-төрт саат сүйлөшөсүңбү" десем, акыры макулдугун берди. Анда жаз мезгили болчу. Мына бул Чүй проспектиси жактан жолуктук. Анын чыттан тигилген жакшынакай гүлдүү көйнөгү бар эле, көйкөлүп ошонусун кийип келди. Күлүп жайнаган жайдары адам экен. Анан жактырып калып, айтчу сөзүмдү ошол жактан билдирдим.
— Сиздердин баш кошуп, чогуу түтүн булатып келе жатканыңыздарга канча жыл болду?
— Өткөн жылдын жайында толук 50 жыл толуп, салтанаттуу той өткөрдүк. Жубайлардын узак убакыт чогуу жашоосу оңой эмес. Буга жеткени да, жетпегени да бар. Ортодо алты баланы тарбиялап, 16 небере көрдүк. Балдарымдын баары турмушунан өз ордуларын табышкан. Бала-чакабыздын көбү чет жерден окуп билим алышты. Неберелеримдин алды университетти бүтүп иштеп жатса, арты экиге толду.
— Агай жаш кездеги сүйүү менен карыгандагы сүйүүнүн эмне айырмасы бар?
— Жаш кездеги сүйүү оргуштап, албууттанып сени сел сымал алып качат. Эмне болуп жатканын өзүң дагы түшүнбөйсүң. Ал эми карыганда ошол сел басаңдап, жай аккан дарыяга окшоп калат. Бул убакта жөн гана бири-бириңди сыйлап калат экенсиң.
— Жубайыңыздын кайсы сапатын жогору баалайсыз?
— Жаш өткөн сайын адам таарынчаак болуп чыга келет дешет. Таарынышып кеткенде биринчи кадамды ким таштайт?
— Негизи адам капаланта турчу нерсени жасабаганга аракет кылышы керек. Эгер таарынышып кетсек унчукпай жүрө беребиз, ал ырбап кетсе жаман. Байбичем өзү ак көңүл, мындай учурларда эки сааттан кийин эле ачуусу жазылып, жадырап сүйлөп баштайт. Анан чогуу чай ичип, божурап отуруп таарынганыбызды деле унутуп калабыз.