Бишкектин эки аймагында беш күнгө газ өчүрүлөт

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүГаз түтүгү. Архив
Газ түтүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көгүлтүр от дүйшөмбү күндөн тарта Бишкектин борбордук жана түндүк аймактарында өчүрүлөт.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бишкектин эки аймагында газ берүү беш күнгө токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти. 

"Газ 15-февралдан 19-февралга чейин өчүрүлөт. Бул газ түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу", — деп айтылат маалыматта. 

Түтүктөрдү оңдоо иштери Бишкек шаарынын Фрунзе, Абдрахманов көчөлөрү, Жибек Жолу жана Эркиндик проспектиси менен чектешкен аймактарда жүргүзүлөт. 

Мындан сырткары, борбордун түндүгүндө жайгашкан Красный строитель, төмөнкү Ала-Арча, Кара-Жыгач токоюу, Алматы көчөсү жана Аламүдүн айылында көгүлтүр от токтотулат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0