БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Жол кайгуул кызматынын инспекторун унаасына жабыштырган боюнча сүйрөп кеткен айдоочу азырынча кармала электигин Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган мекеме билдирди.
Окуя кечээ ЦУМдун жанынан болгон. Youtube сайтына жайгаштырылган видеодо милиция кызматкерин айдоочу BMW үлгүсүндөгү унаанын капотуна жабыштырган боюнча Чүй проспектиси менен айдап кеткен түшүрүлгөн.
Ал эми айдоочуга карата кылмыш иши козголуп, аны кармоо боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат. Жол кайгуул кызматы анын аты-жөнү такталганын белгиледи.
Бул айдоочулардын биринчи осол жоругу эмес. Сентябрда Toyota унаасынын айдап келе жаткан мас жаранды токтотууга аракет кылган инспекторду айдоочу кыйла жерге чейин сүйрөп барган. Анда да кызматкер ооруканага жаткырылган.
Ушундай эле окуя Жалал-Абадда болгон. 17 жаштагы айдоочу инспектордун айтканына баш ийбей, унааны айдап кеткен. Инспектор машинанын капотуна секирип чыгууга мажбур болуп, 250 метрге чейин унаага жармашкан боюнча барган. Анда Жол кайгуул кызматкеринин баш мээси чайкалып, ооруканага жаткырылган. Атасынын унаасын айдап чыккан айдоочу укук коргоо органдары тарабынан кармалган.