БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Борбор калаада Кыргызстандын эркин күрөш боюнча чемпионаты өтө турганын Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Мелдеш 30-31-январга белгиленген.
Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтө турган таймашта эркектер сегиз салмактык категорияда күч сынашат.
Чемпионат Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчилиги менен Күрөш федерациясынын колдоосунда өтмөкчү. Бул үчүн мекеменин бюджетинен 110 миң сом бөлүнгөн.